Манас шаарына 6-ноябрдан тарта жылуулук берилет

 Манас шаарына 6-ноябрдан тарта жылуулук берилет

Манас шаарына 6-ноябрдан тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Белгиленгендей, жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.

Связанный пост