“Манас” аэропортунда зер буюмдарын мыйзамсыз ташып чыгуу аракети токтотулду

 “Манас” аэропортунда зер буюмдарын мыйзамсыз ташып чыгуу аракети токтотулду

“Манас” эл аралык аэропортунда зер буюмдарды мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, “Манас-2” эл аралык аэропортунун аэропорт комплексинде бажы көзөмөлүн ишке ашыруунун алкагында “Манас” бажысынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду.

 

Кетип жаткан аймакта бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда Кыргызстандын жараны С.К.Ж. декларацияланбаган товарлар – сары металлдан жасалган салмагы 4,4 кг түзгөн 46 кол саат табылган.

 

Товарлар бардык жагдайлар такталганга чейин далил катары бажы көзөмөлүнүн кампасында убактылуу сактоочу жайга коюлган.

Связанный пост