«Манас» аэропортунда электр кубаттагычтары бар заманбап унаа токтотуучу жай курулууда

 «Манас» аэропортунда электр кубаттагычтары бар заманбап унаа токтотуучу жай курулууда

«Манас» эл аралык аэропорту электр кубаттагычтары бар унаалар үчүн заманбап унаа токтотуучу жайдын курулушун баштады. Бул кадам «МЭА» ААК жетекчилигинин жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн жайлуулук жана ыңгайлуулук шарттарын түзүүгө багытталган.

 

Жаңы унаа токтотуучу жай 180 орунга ылайыкташып, анын ичинен 60 орун VIP залдын конокторун камсыз кылууга арналган. Калган бардык коноктор үчүн дагы 120 орун бар, алар дагы электр кубаттоо кызматтарынан пайдалана алышат. Бул чечим жашыл мобилдүүлүккө болгон суроо-талапка жана электр унааларын колдонууну стимулдаштырууга жардам бермекчи.

 

Ошондой эле аэропорттун эң акыркы технологияларды колдонууга, туруктуу айлана-чөйрөнү илгерилетүүгө жана көмүртектин зыяндуулугун азайтуу боюнча глобалдык аракеттерге салым кошууга умтулуу болуп саналат.

 

Куруу иштерине байланыштуу VIP залга кирүү «Манас» эл аралык аэропортунун негизги кире бериши D/C секторлору аркылуу аткарылууда.

Связанный пост