«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

2023-жылдын 1-июнунда, Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди.
Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Каттамдын салтанаттуу ачылышында «МЭА» ААКнын Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат.

Wizz Air Abu-Dhabi компаниясынын башкы директору Йохан Айдхаген өз кезегинде жумасына 3 каттамдын ачылышы башталышы гана экенин, жакынкы арада каттамдардын санын көбөйтүп, аларды күн сайын ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады.

Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча каттамдарды жумасына 3 жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү ташыйт.
Учуу убактысы 4 саат.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы жогоруда айтылган эрежелердин баары авиакомпаниянын шарттары экенин билдирет. «МЭА» ААК Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын ташуу шарттарына эч кандай тиешеси жок экендигин жана биздин компания авиабилеттерди сатпай турганын, бааларды жөнгө салбасын эскертет. Ошондой эле, авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселелерге кийлигишпейт.

Эске салсак, Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча каттамдар Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Маалымат үчүн: Wizz Air Abu Dhabi биргелешкен авиакомпания болуп саналат, анда венгриялык Wizz Air 49% үлүшкө ээ. Калгандары эмираттык ADQ мамлекеттик компаниясына таандык. Авиакомпания Египет, Казакстан, Иордания, Түркия, Греция, Азербайжан, Сербия, Сауд Арабиясы, Кувейт, Грузия, Бахрейн, Мальдив аралдары, Оман, Өзбекстан, Босния, Израил, Албания, Армения жана башка өлкөлөргө ташууну камсыздайт.

Связанный пост