“Манас” аэропорту ишин жандантты
“Манас” эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар жаңыланган расписаниеге ылайык аткарыла баштайт.
Эске салсак, кечээ Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын учагы катышкан өзгөчө кырдаал катталган.
Белгиленгендей, учак асманга көтөрүлөрүндө арткы шассиси (дөңгөлөгү) сынып кеткен. Буга байланыштуу учак сол канатына кыйшайып, өйдө көтөрүлүүгө үлгүрбөй, учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн.