“Манас” аэропорту ИАТА кодун расмий түрдө алмаштырды

Бүгүндөн тарта «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун өзгөртөрттү.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКдан билдиришкендей, эми FRU`нун ордуна BSZ колдонулат.
Буга чейин код 9-августтан тарта алмаштырылары айтылган.
Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Жаңы кодго өтүүгө байланыштуу компания бардык системалардын туруктуу иштешин жана каттамдарды туура тейлөөнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин ишке ашырууда.