“Манас” аэропорту Душанбеден келген биринчи авиакаттамды кабыл алды
“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын Душанбеден чыккан каттамы “Манас” эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Учакты салт боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.
Эске салсак, кечээ Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекте Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча авиакаттамдар 14-марттан тарта жанданарын билдирген.
Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар эки өлкө ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту.
Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы эки көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышы болду.