Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк рейтинги боюнча Кыргызстан 22-орунду ээледи

 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк рейтинги боюнча Кыргызстан 22-орунду ээледи

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк рейтинги боюнча Кыргызстан 22-орунду ээледи. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өлкө 68-орунда жайгашкан.

“Ишке ашырылып жаткан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун негизинде Кыргызстан 68-орундан 22-орунга көтөрүлүп, 434 млрд сомдон ашык суммага 90дон ашык долбоордон турган портфель түзүлдү. 2025-жылдын 11 айында эле 3,8 млрд АКШ долларынан ашык суммага жеке инвестицияларды тартууну камсыз кылган 13 келишимге кол коюлду”, – деп белгиледи Сабиров.

Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында 2025-жылы тартылган инвестициялардын көлөмү боюнча рекорддук көрсөткүчтөргө жетишилгенин айтты.

“Транспорт, социалдык, билим берүү, экологиялык жана агрардык тармактарда маанилүү келишимдерге кол коюлду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору институционалдык базаны активдүү өнүктүрүүдө, кадрдык потенциалды күчөтүүдө жана санариптик чечимдерди киргизүүдө, бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги куралы катары ролун мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, – деп кошумчалады агенттиктин башчысы.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост