Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кирешеси 5 млрд сомго чейин өстү

 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кирешеси 5 млрд сомго чейин өстү

КР Социалдык фонду Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы инвестициялык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттары ар кандай каржылык инструменттерге бөлүнгөн:

  • мамлекеттик баалуу кагаздарга 12,90-16 пайыздык жылдык кирешелүүлүгү менен 9 млрд 378,4 млн.сом инвестициялаган;
  • коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 4 млрд105 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,5 пайыз болгон;
  • 1 млрд 750 млн сом өлчөмүндө Кыргызстандын митенттеринин акцияларына жайгаштырылган.

Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 15 млрд 233,4 млн сом инвестицияланган.

2025-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

  • жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 337,6 млн сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 668,1 млн сом;
  • МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 22,5 млн сом.
  • башка кирешелер – 0,4 млн сом;

Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 0млрд 28,6 млн сом киреше алынган.

Связанный пост