Мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө 534 миң доллар бөлүнөт
Мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө 534 миң доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн министрликте мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүү боюнча гранттык келишимдерге кол коюлду.
Жалпы каржылоонун көлөмү 534 млн сомду түзөт. Гранттык сынакка жалпысынан 16 арыз келип түшүп, катышуунун негизги шарттары катары кеминде 5 гектар аянты бар жер тилкесинин жана бизнес-пландын болушу талап кылынган.
Тандоо процесси мамлекеттик органдардын, тармактык ассоциациялардын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлүп, жеңүүчүлөрдүн тизмеси долбоордун донору — Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (ИФАД) тарабынан бекитилген.
Бул демилге өлкөнүн токой чарбаларын сапаттуу көчөттөр менен камсыздоого жана экологиялык туруктуулукту жогорулатууга багытталган.