Мамлекеттик органдарга корпоратив өткөрүп, жетекчилерге белек алууга тыюу салынды

 Мамлекеттик органдарга корпоратив өткөрүп, жетекчилерге белек алууга тыюу салынды

Мамлекеттик органдарга жаңы жылдык корпоратив өткөрүп, жетекчилердин кызматкерлеринен белек алуусуна чектөө киргиздик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп келчү.

“Айрым учурларда бул иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен коштолгонун да байкаганбыз. Мындан тышкары, кызматкерлер жетекчилерине белек берип, корзина ташып убара болушчу.

Ушул көрүнүштөрдү эске алып, быйыл жаңы жылдык корпоративдерге жана мамлекеттик кызмат жетекчилерин өзүнүн кызматкерлеринен, кол алдындагыларынан баалуу белектерди алуусуна чектөө киргиздик. Бирок, айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр.

Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла”, – деп баса белгиледи минкаб башчысы.

Связанный пост