Мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше рекордго жетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын январь-август айлары үчүн киреше планынын бир топ ашыгы менен аткарылганын билдирди.
Ведомствонун маалыматына караган, план боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан алынуучу каражат 15 млрд 480 млн сом суммасында бекитилген. Анын ичинде:
- ижара акысынан түшкөн каражат – 200 млн сом;
- дивиденддерди төлөө – 15 млрд 280 млн сом.
2025-жылдын январь-августундагы иштердин жыйынтыгы боюнча түшүүлөр 36 млрд 121,4 млн сомду түздү, анын ичинде:
- дивиденддерден – 26 585,7 млн сом;
- менчиктештирүүдөн – 9 166,9 млн сом;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн – 177,3 млн сом;
- башкалар -191,5 млн сом.
Башкача айтканда, агенттик планды 233 пайыз ашыгы менен аткарган.
Белгилей кетсек, учурда Мамлекеттик мүлк агенттиги экономиканын ар кайсы тармактарында иштеп жаткан 21 акционердик коомдун акционери болуп саналат жана 61 мамлекеттик ишкана менен иш алып барат.
Ошондой эле мамлекеттик имараттар, жайлар түздөн-түз жана электрондук соода жүргүзүү жолу менен ижарага берилет, отчеттук мезгилде 816 ижара келишими түзүлгөн, ижарага берилген мамлекеттик имараттардын жана жер участокторунун жалпы аянты 62 214,977 чарчы метрди түздү.
Улуттук инвестициялык фонддун – жаңы Өнүктүрүү институтунун толук кандуу ишин баштоо үчүн уюштуруу жол-жоболору аяктады, ал мамлекеттик корпоративдик секторду капиталдардын эл аралык рыногуна даярдоо үчүн шарттарды түзүүгө тийиш, анын ичинде IPO өткөрүүнүн эсебинен. Бүгүнкү күндө институттун уставдык капиталы 1 млрд сомго көбөйтүлдү.
“Кыргызалтын” ААК, “Кыргызстандын аэропорттору” ААК, “Кыргызнефтегаз” ААК жана мамлекеттик банктардын уставдык капиталын жалпы суммасы 20 млрд.сомго көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Көмүр казып алуу тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы мамлекеттик менчиктеги акциялардын 100% сактоо менен “Кыргызкөмүр” ААК болуп кайра түзүлдү. Ошондой эле бажылык башкаруу чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн “Бажы инфраструктурасы” МИ мамлекеттик менчиктеги акциялардын 100% сактоо менен “Бажы инфраструктурасы” ААК болуп кайра түзүлдү.
Ошентип, учурдагы экономикалык саясаттын негизги элементтеринин бири болгон мамлекеттик компаниялардын ишин күчөтүү боюнча курс улантылды.