Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде мыйзам бузуу аныкталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыды.

Аудиттин жүрүшүндө ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген иш-аракеттердин жалпы суммасы 948,4 млн сомду түзгөнү аныкталды. Анын ичинен 32,2 млн сом каражат мыйзам бузуулары катары катталса, 2 млн сомго жакын каражат аудиттин жүрүшүндө кайра калыбына келтирилди.

Текшерүүдө дивиденддер боюнча 37,4 млн сом карыз топтолуп калып, алардын ичинде 27,3 млн сом айып пул катары эсептелгени аныкталган.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тармагында дагы олуттуу көйгөйлөр аныкталган: жалпысынан 33,9 млн сом финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, 28,7 млн сом каражат бюджетке түшпөй калган. Аудит учурунда ижара мамилелериндеги айрым материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилди.

Связанный пост