“Мамлекеттик лизинг компаниясынын” ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты

 “Мамлекеттик лизинг компаниясынын” ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты

“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудиттин жүрүшүндө коомдун ишинде бир катар мыйзам бузуулар жана ички регламенттердин талаптарын аткарбоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, коомго лизинг ишин жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү лицензия 2024-жылдын 16-декабрында гана берилген. Бирок ушул күнгө чейин эле коом лизингдик операцияларды жүргүзө баштаганы тастыкталды.

2024-жылдын 28-ноябрында жана 12-декабрында түзүлгөн кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларынын негизинде жалпы суммасы 37,4 миллион сомду түзгөн айыл чарба техникалары жана шаймандары лизингге берилген. Бул сумма жеке ишкер М.М. Алиев тарабынан 10% өлчөмүндөгү өздүк салым — 293,4 миң сом менен, ал эми калган 37,1 миллион сом түздөн-түз коом тарабынан каржыланган каражаттардын эсебинен жабылган. Мындай аракет “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдын талаптарына каршы келет жана коомдун лицензия алууга чейинки мезгилде мыйзамсыз иш жүргүзгөнүн айгинелей тургандыгын Эсептөө палатасы белгиледи.

Мындан тышкары, аудиттин жүрүшүндө “Кыргыз асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасына карата түзүлгөн лизингдик досьеде кемчиликтер орун алгандыгы аныкталды. Документте 2022–2024-жылдарга карата финансылык отчеттор тиркелген эмес. Бул жагдай коомдун “Юридикалык жактар үчүн талап кылынган документтердин тизмеги” аттуу ички документинде каралган талаптарга жооп бербейт жана лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн объективдүү баалоого тоскоолдук жаратат. Ошондой эле аталган документ өзү дагы коомдун башкармалыгы тарабынан расмий түрдө бекитилген эмес, бул ички башкаруу жана көзөмөл чөйрөсүндө так эместиктер бар экендигин көрсөтөт.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы тарабынан бир катар сунуштар берилгени белгилүү болду. Коомдун мындан аркы ишмердүүлүгүндө лицензиялык талаптар толук сакталып, лизингдик досьелерди түзүүдө ички ченемдик актыларга так таяныш керектиги белгиленди. Ошондой эле бардык талап кылынган документтерди ыйгарым укуктуу тартипте чогултуу жана тартипке салуу, ички регламенттерди расмий бекитип, бардык кызматкерлер тарабынан жетекчиликке алынуусу зарыл экени көрсөтүлдү.

Эсептөө палатасы тарабынан мыйзам бузуу фактыларына жана катталган кемчиликтерге байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтар жөнөтүлүп, коомдун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү сунушу берилгени айтылды.

Связанный пост