Мамлекеттик катчы Бишкектеги №100 мектептин окуучулары менен жолугушту

 Мамлекеттик катчы Бишкектеги №100 мектептин окуучулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Бишкек шаарындагы №100 мектепте мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту.

Окуучулар коноктор үчүн концерттик программа уюштурушту.

Сүйүнбек Касмамбетов балдардын карате менен машыкканына күбө болуп, ачык сабагына катышты.

Андан соң Мамлекеттик катчы окуучуларга «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» темасында лекция окуду. Ошондой эле, ар бир инсан өз тарыхын билсе, анын келечеги кең болорун баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Сүйүнбек Касмамбетов чогулгандарга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, окуучулар менен эстеликке сүрөткө түштү.

Связанный пост