Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 айда жарандарга 108,8 млн сомдон ашык төлөм берди
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бүгүнкү күнгө карата жалпы 108 млн 816 миң сом өлчөмүндөгү төлөмдөрдү жарандарга кызмат көрсөтүүнүн алкагында жүргүздү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, төлөнгөн суммалардын басымдуу бөлүгүн социалдык жана экономикалык мааниси жогору болгон камсыздандыруу учурлары түзөт:
- ОСАГО боюнча – 618 жаранга жалпы 57 млн 222 миң сом төлөм берилди. Бул автоунааларды камсыздандыруу калк үчүн канчалык зарыл экенин жана кырсык болгондо реалдуу колдоо көрсөтөрүн айгинелейт.
- Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу – 223 жаранга 27 млн 908 миң сом төлөндү. Жаратылыш кырсыктарынан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун негизги багыттарынын бири бойдон калууда.
- Өрт кырсыктарына байланыштуу – 132 жаранга 24 млн 927 миң сом кенемте берилди. Өрт эң оор жана материалдык чыгымы көп кырсыктардын бири болгондуктан, уюм жарандардын турмуштук туруктуулугун калыбына келтирүүгө салым кошууда.
Жогорудагы негизги төлөмдөр менен бирге башка камсыздандыруу учурларынын негизинде жалпы сумма 108 млн 816 миң сомду түздү.