Мамлекеттик цирк бир жумада эле 5,3 млн сом пайда тапты
Мамлекеттик цирк бир жумада эле 5 млн 370 миң сом пайда тапты. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, циркти оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин келгендердин саны өсүп, ага ылайык, кирешеси дагы көбөйүүдө.
“Мамлекеттик цирктин мурдагы абалын жакшы билесиздер, адам киргис абалга жетип калган болчу. Көрүүчүлөргө ыңгайсыз, ичи жагымсыз жытка толгон, жайында ысык, кышында суук.
Президент Садыр Жапаров абалын өзү барып көргөндөн кийин, капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырмасын Иш башкармалыкка жүктөгөн. Жакында оңдоо жумушу аягына чыгып, өлкө башчысынын катышуусу менен ачылышы болгон.
Шарты түзүлгөндөн кийин келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, 1 аптада эле миллиондорду таба баштады. 1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты. Анын ичинен BMW компаниясы арендага алып 1 млн 360 миң төлөсө, 4 млн 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн.
Айдын аягына чейин 13 млн 312 миң сом пайда түшөрү күтүлүүдө. Мурда киреше эмес банкроттук абалда эле. Азыр билет сатуулар дагы санариптештирилип, көзөмөлгө алынган”, – деп жазды ал.