Мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобо бекиди

Министрлер кабинети Кыргызстанда мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул токтомду ишке ашыруу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Маалымат менен тиркелген шилтеме аркылуу толук таанышууга болот.