Мамлекет тарабынан маданият жаатына бөлүнгөн каражаттардын ичине сахна костюмдарына да каралды

 Мамлекет тарабынан маданият жаатына бөлүнгөн каражаттардын ичине сахна костюмдарына да каралды
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын ылайык, мамлекттин бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарга маданият кызматкерлерине сахна костюмдары жаңыланат.
Тизмеге ылайык, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Рыпай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы, Ысык-Ата районундагы Болот Эдигеев атындагы “Арашан” фольклордук ансамбли, Сокулук “Аксаамай” фольклордук ансамблинин артисттеринин сахнага кийип чыга турган костюмдары жаңылат.
Маданият министрлиги тарабынан сахна кийимдери үчүн бөлүнүп жаткан каражатка мекеме жетекчилерине ар бир сценалык образга ылайык, сапаттуу жана ыңгайлуу тигүү тапшырмасы берилет.

Связанный пост