Мамлекет “Дөөлөт курулуштун” үлүшчүлөрүнүн каражаттарынын колдонулушун текшерет
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев президенттин тапшырмасы менен Шопоков шаарындагы “Дөөлөт курулуш” компаниясынын курулуш объекттеринин абалын жеринен текшерди.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын максаты элдин үнүн угуу, маселени жеринде көрүү жана көйгөйдүн чыныгы абалын так аныктоо болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө маселенин өтө олуттуу экени, миңден ашуун үлүштүк курулушка катышуучулар (дольщиктер) аталган компанияга 1 млрд сомдон ашык каражат төлөшкөнү аныкталды. Айрымдары кийинчерээк каражаттарын кайра алып кеткенине карабастан, компаниянын эсептеринде дольщиктердин акчасынан 900 млн сомдон ашык сумма калууга тийиш экени айтылууда.
Ошондой эле жеринде көрүлгөн абал боюнча курулуш иштери дээрлик жүргүзүлбөгөнү аныкталган. Көпчүлүк блоктор котлован деңгээлинде калып, айрым участоктордо бир да кабат көтөрүлгөн эмес.
Белгиленгендей эл 2 жылдан бери үмүт менен күтүп, айласы кеткен жарандар президентке кайрылышкан.
Мындан сырткары, Шопоков шаарынын мэриясы компанияга 8 гектардан ашык ири жер тилкесин бөлүп берген. Өз кезегинде компания 140 батирди шаардык мэриянын балансына өткөрүп берүүгө милдеттенме алган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бул талаптардын аткарылышы боюнча жыйынтык жок.
Ушуга байланыштуу жарандардын ишеними жана каражаты менен мындай жоопкерчиликсиз мамиле кылууга жол берилбестиги белгиленип, жумушчу комиссия түзүлдү. Ал чогулган каражаттардын иштешин, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын, курулуштун реалдуу көлөмүн жана темпин, ошондой эле жер тилкеси боюнча талаптардын сакталышын толук жана так текшерет.
“Бул иш-чаралар муну менен чектелбейт. Бүгүн, саат 14:00дө компаниянын башка объектинде жарандар менен жолугушуу өткөрүлөт. Элдин суроолору жеринде угулуп, так маалымат берилет. Маселе көзөмөлсүз калбайт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин да кооперативдер жана курулуш компаниялары аркылуу миңдеген адамдар жабыркаган учурлар болгон. KG Group, “Көчмөн Сити” сыяктуу долбоорлордо да жүздөгөн, миңдеген дольщиктер жабыркаган. Бирок, мамлекет четте карап турган эмес — объекттер мамлекеттин көзөмөлүнө алынып, учурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылып жатат.
Ушуга байланыштуу жарандарга алдамчылыкка, “тез бүтөт” деген куру убадаларга жана күмөндүү схемаларга ишенбөө эскертилди. Кайсы компания болбосун, анын документтерин, мүмкүнчүлүгүн, тарыхын жана жоопкерчилигин текшербей туруп каражат бербөө керектиги белгиленди.
“Президенттин позициясы так, жарандардын укугу корголот. Элдин акчасын чогултуп алып, милдеттенмелерин аткарбаган аракеттерге мыйзам чегинде укуктук баа берилет. Бул маселе президенттин көзөмөлүндө”, – деди Каныбек Туманбаев.