Мамлекет башчылар “Борбор Азия – Кытай” форматынын алкагында кызматташтык борборлорунун ачылыш аземине катышышты

 Мамлекет башчылар “Борбор Азия – Кытай” форматынын алкагында кызматташтык борборлорунун ачылыш аземине катышышты

“Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин алкагында бүгүн, 17-июнда, алты мамлекеттин башчылары видеоконференц-байланыш аркылуу жаңы кызматташтык борборлорунун ачылыш аземине биргеликте катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө түзүлүп жаткан борборлордун ишмердүүлүгүнө жана максаттарына арналган видеоролик тартууланды. Үч “Кытай – Борбор Азия” Кызматташтык борборун түзүү региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Борборлор адистерди даярдоо, алдыңкы технологиялар менен алмашуу жана Борбор Азия мамлекеттеринин ар түрдүү тармактардагы потенциалын жогорулатууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

 

Борборлор төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

• Жакырчылыкты жоюу – ишмердүүлүгү кадрларды даярдоого, жакырчылыкты жоюу жаатында тажрыйба жана технологияларды алмашууга багытталат;

• Билим берүү – билим берүү, санариптик окутуу, тилдерди окутуу, илимий-педагогикалык изилдөөлөр тармагында адистерди даярдоодо өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү күтүлүүдө;

• Чөлгө айланууга каршы күрөшүү – борбор чөлгө айланууга каршы күрөшүү жаатында тажрыйба алмашууга, технологияларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө басым жасайт.

Борборлор Кытай Эл Республикасынын аймагында түзүлүп, Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен кызматташууга ачык болот.

Связанный пост