Мамкурулуштун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлдү

 Мамкурулуштун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлдү
2023-жылдын 21-июлунда Мамкурулуштун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Анда үстүбүздөгү жылдын 6 айдын ичинде аткарылган иштер жөнүндө баяндама угулду. Коллегиянын жүрүшүндө социалдык объектилерди куруунун, ченемдик-укуктук актыларды, ченемдик-техникалык документтерди, башкы пландарды иштеп чыгуунун, ошондой эле ведомство кызматкерлеринин аткаруучулук тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бир катар түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн башчыларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иш-чаралар планын аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Связанный пост