Мал союучу жайларда жана мал базарларда камералар орнотулууда
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мал союучу жайларда жана мал базарларда ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында этап-этабы менен видеобайкоо системасы киргизилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагындагы 54 мал союучу жайда, 5 мал базарда, ошондой эле Москва районундагы 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясында видеобайкоо камералары орнотулган.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 23 видеокамера активдүү иштеп, процесстерди туруктуу көзөмөлдөп жатат.
“Мындан тышкары, Ветеринардык жана