Максым ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди
Кыргыздын салттуу максым суусундугу ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Мындай чечим бүгүн Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында кабыл алынды.
Максым боюнча сунуштама төрт жыл даярдалып, 2023-жылы ЮНЕСКОнун катчылыгына тапшырылган. Эл аралык серепчилерден оң баа алган соң, соңку чечимди комитет бекитти.
2025-жылы комитет жалпысынан 68 мурастык элементти карап жатат жана алардын катарында Япониянын колго жасалган кагазы, Индиянын Дивали майрамы, Египеттин кошари тамагы жана Швейцариянын йоделинг ырдоосу бар экендигин маалымдайбыз.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине 16 элемент киргизилген, анын ичинде: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги, ала кийиз жана шырдак, көк бөрү – салттуу ат оюну, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы” жана башкалар бар.
Бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине 153 өлкөдөн 812 элемент киргизилген.