Майыптуулугу бар 80 адам блогерликке окутулууда

Майыптуулугу бар адамдар үчүн “YouTube-мектеп” билим берүү долбоору башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Долбоор республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана майыптыгы бар адамдар үчүн Реабилитациялык борбор “Мүмкүнчүлүк” бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Долбоордун катышуучулары учурда Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып жаткан, калыбына келтирүү дарылоодон жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат.

Бул долбоор заманбап онлайн-платформаларды колдонуу аркылуу майыптуулугу бар адамдардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жана өзүн-өзү ишке ашыруусун өнүктүрүүгө багытталган.

Окутуунун алкагында катышуучулар YouTube платформасы менен иштөөнүн негиздерин өздөштүрүшөт:

  • контент түзүү;
  • видеого тартуу;
  • монтаждоо;
  • каналдарды тариздөө жана жүргүзүү;
  • социалдык тармактарда илгерилетүү;
  • жеке брендди жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Биринчи агымда 16 адам окуудан өтүүдө. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр тапшырылат.

Долбоордун аягына чейин 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда.

Связанный пост