Майлуу-Суу шаарына 6 850 “акылдуу” эсептегич орнотулду
Жыл башынан бери Майлуу-Суу шаарына 6 850 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар боюнча 8 035 керектөөчү катталса, анын ичинен 6 850 турмуш-тиричилик абоненттери “акылдуу” эсептегичтер менен камсыздалды.
Эсептегичтер быйыл март айынан тартып орнотулуп, толук автоматтык дистанциялык башкарууга өткөрүлдү. Бул система керектөөчүлөрдүн үйүнө кирбей эле, эсептөө процессин онлайн жүргүзүүгө шарт түзөт.
Учурда Майлуу-Суу РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык жана жаңылануу иштери толук аяктап, төмөнкүдөй оңдоо жана капиталдык жаңылоо иштери аткарды:
- 50 даана трансформатор жана 170,5 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
- 10 даана трансформатор жана 6,7 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү;
- эскилиги жеткен 44 даана жыгач мамыча жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
- аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 126,96 чакырым трасса боюнча бутактарды кыюу жана бактарды тазалоо иштери аткарылды;
- 2025-жылга пландалган кошумча 1 даана КТП орнотулуп, 0,6 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы курулуп, пайдаланууга берилди.