Майлуу-Суу айнек заводу жаңы өндүрүштүк кубаттуулук менен иштей баштады

Жалал Абад облусундагы Майлуу-Суу айнек заводу бюджеттик каржылоонун негизинде 1 млрд сомго жаңыртылып, заманбап өндүрүштүк кубаттуулук менен иштей баштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңыдан курулган имараттар жана реконструкцияланган цехтер аймактагы айнек идиш өндүрүшүнүн деңгээлин олуттуу жогорулатат:
Жаңы имарат – 1278 чарчы метр болуп, айнек цехине кошулду. Айнек цехинин өндүрүш аянты 2412 чарчы метрди түзөт.
Өндүрүштүк жабдуулар модернизацияланды:
- айнек эритүү меши Ribbon-процесс технологиясы менен кубаттуулугу – 280 тонна;
- айнек формалоочу машина HEYE INTERNATIONAL (Германия) компаниясынын 8 секциялуу машинасы, күнүнө 150–200 миң даана өндүрүү кубаттуулугу менен;
- суук участок, аба бөлүүчү установка (АБУ), фидердик канал жана даяр продукцияны чыгаруу линиялары заманбап стандарттарга ылайык жабдылды.
Транспорт жана логистика да жакшыртылып, VOLVO жүк ташуучу унаасы жана 2 даана электрокар сатып алынды.
Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар аймактагы жумуш орундарын көбөйтүп, айнек идиш рыногундагы туруктуу жана сапаттуу продукцияны камсыз кылат.