Май айынан баштап камсыздандыруу полисин “Түндүк” тиркемесинен онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап камсыздандыруу полисин “Түндүк” тиркемесинде онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, президенттин тапшырмасына ылайык, жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча иштерди жүргүзүү уланууда.
“Президенттин тапшырмасы менен 2024-жылдын октябрь айында “Кызмат” мекемеси президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Ошондон бери кызматкерлер камсыздандыруу иштерин онлайн түрдө жүргүзүүгө аракеттерди көрүп баштаган. Учурда бул иштер аягына чыгып калды. Май айынан баштап камсыздандыруу полисин “Түндүк” тиркемесинен онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди ал.
Каныбек Туманбаев белгилегендей, буга чейин Калкты тейлөө борборлорунда бир күндө кезекке турган жарандардын саны 2 миңдей болсо, онлайн кызматтар иштелип, колдонууга берилгенден бери КТБларга келгендердин саны 1500-1600гө чейин түштү.
“Бара-бара жыл аягына чейин көп жумуштар жасалат. Ошонун негизинде жарандарга “Түндүк” тиркемеси аркылуу шаарда гана эмес, айылдарда да кызматтарды ондайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, убакыттарын үнөмдөйт. “Кызмат” мекемесинин кызматкерлери санариптештирүү багытында алгылыктуу жумуштарды аткарууда. Алардын биринчиси, “Түндүк” тиркемеси аркылуу паспортту онлайн түрдө алууга жарандарга шарт түзүлдү. Ошондой эле мурда жарандар Калкты тейлөө борборлоруна барып, жашаган жери боюнча каттоого турчу. Азыр борборлорго барып кезекке турбастан эле, жарандар үйүнөн отуруп эле каттоого турса болот”, – деп кошумчалады Туманбаев.