Махмуд Аббас Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Махмуд Аббас Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Биздин чын жүрөктөн чыккан боордоштук куттуктоолорубузду жана жеке өзүңүзгө ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми элиңизге мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өсүүнү тилеген эң жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыз.
Учурдан пайдаланып, өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди байланыштырган берилгендигибизди жана тилектештигибизди дагы бир жолу ырастагыбыз келет, ошондой эле сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасынын Палестина элин жана анын мыйзамдуу укуктарын колдоодогу позициясына жогору баа беребиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост