“Мадина” базарындагы өрт: Чыгым эсептелип, тергөө уланууда

 “Мадина” базарындагы өрт: Чыгым эсептелип, тергөө уланууда

“Мадина” базарындагы өрттөн келтирилген чыгымдын акыркы көлөмү азырынча аныктала элек.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын өлчөмүн тактоо иштери уланууда.

Алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп, өрттүн бардык жагдайлары жана ага жооптуу адамдар аныкталууда.

“Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Тергөө жана текшерүү иштери аяктап, чыгымдын акыркы көлөмү аныкталгандан кийин компенсация маселеси каралат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост