Маданият министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Маданият министрлигинде президенттин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 млн сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, министрликке караштуу “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатып алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, натыйжада мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча “Коррупция”)беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.