Маданият министрлигине 72 жаңы автоунаанын ачкычы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды.

Анда сөз сүйлөгөн, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан министрликти жаңы автоунаалуу болушу менен куттуктап, акыркы жылдары маданият тармагын жакшыртуу иштери алгылыктуу жүрүп жатканын билдирди. Ал белгилегендей, 2025-жылга бекитилген бюджет боюнча маданият тармагына 3 млрд сом каралган, өнөр адамдары үчүн учурда республиканын бардык аймактарындагы маданий объекттердин инфраструктурасы жакшыртылып жатканын кошумчалады.

“Маданият тармагынын жаңы унаалуу болушу – чоң кубаныч. Айрыкча алыскы райондордун маданият кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу транспорттун жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Жаңы автобустар – китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз. Урматтуу маданият кызматкерлери, Сиздерге чыгармачылык ишмердүүлүктү үзүрлүү жүргүзүүгө мыкты шарттарды түзүү мындан ары да улантылат. Дагы бир жолу алган автоунааңыздар кут болсун”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 359 млн сомдон ашуун каражатка 72 даана автоунаа сатып алынды. Анын 15ши – чоң автобус, 57си – кичи автобус. Алынган автоунаалар бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Связанный пост