Маданият министрлигинде 2022-2023-жылдарга карата каржылык тартип бузуулар аныкталды

Маданият министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-2023-жылдарга карата каржылык тартип бузуулар аныкталды.
Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 913 162,7 миң сом өлчөмүндө каржылык жана процедуралык бузуулар катталган. Анын ичинен процедуралык бузуулар — 509 168,8 миң сомду (сатып алуулардагы жол-жоболордун бузулушу, ашыкча аванстар жана мониторингсиз жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар ж.б.) жана каржылык бузуулар — 403 993,9 миң сомлу түзгөн.
Аудиттин жүрүшүндө 119 995,0 миң сомдун калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталган, анын ичинен азыркыга чейин 56 738,7 миң сому кайтарылды.
“Министрликке караштуу мекемелерде каржылык тартипти чыңдоо, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана контролдук механизмдерди күчөтүү боюнча бир катар сунуштар берилип, аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлмөкчү”,-деп айтылат маалыматта.