Маданият министрлиги тарабынан жарым жыл ичинде 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүздү

 Маданият министрлиги тарабынан жарым жыл ичинде 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүздү
Маданият министрлиги тарабынан жарым жыл ичинде 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын ченемдери сакталбагандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу Министрлик тарабынан “312 кино”, “312 ТВ” телеканалдарына карата чара көрүлдү. Тактап айтканда айып пул салынды.
Ал эми, “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” телеканалдарына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган жок.

Связанный пост