Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди

 Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди
Мамлекет тарабынан Баткен областын өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун алкагында 5млн сом бөлүнүп Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында курулуш материалдардын иштеп чыгаруучу муниципалдык ишкана курулду. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ишкананы курууга Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан да 2млн 400миң сом өздүк салым катары жумшалган.
Учурда керектүү бардык жабдуулар орнотулуп,ишкана алгачкы продукцияларын чыгарууда.
Пескоблок,брусчатка, шакектер (кольцо), суу ноолору, электр мамычаларынын үлгүлөрү чыгарылып жатат.
Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан ишканада сырье маселеси жок,дарыядан эң жогорку сапаттагы кум шагылдар иштетилет.
Муниципалдык ишканада 8жумушчу оруну түзүлдү.
Ишкананы ачуунун негизги максаты айыл аймактын дотациядан чыгуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Связанный пост