Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды

 Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору 2023-жылдын 25-августунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында белгисиз ит тиштеп алган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып жок кылынды. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат.

Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда.

Связанный пост