Кызыл-Кыяда салыкчы 2,2 миң доллар параны кайтарып берүү учурунда кармалды

 Кызыл-Кыяда салыкчы 2,2 миң доллар параны кайтарып берүү учурунда кармалды

Кызыл-Кыяда жеке ишкерден акча талап кылган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдириштию

Маалыматка ылайык, 21-июлда жеке ишкер С.А. Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын улук инспектору С.П. дүкөнүн текшерип, салыктан бошотуу үчүн 200 миң сом пара талап кылганын, акча алганын билдирген.

Арыз негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 22-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чара учурунда С.П. 2 200 долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Связанный пост