Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда

 Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда

Ушул жылдын 8-августунда Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Жигитов Канатбек жана көз оорулар боюнча координатору Давранов Бакытбек тарабынан 2 млн 120 миң сомдук операциялык микроскоп жана 45 миң сомдук стабилизатор көз оорулар бөлүмүнө белекке берилди.

Бул да болсо бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө болгон жетекчиликтин менен кызматкерлердин аракети. Буюрса, дагы да оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, толуктоо аракети улана бермекчи.

Связанный пост