Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө

Майрамдык салтанат Т.Кулатов атындагы борбордук стадиондо өзгөчө шаң менен өтүүдө.

Шаар калкын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ырысбек Атажанов,шаар мэри Асилбек Жоробаевдер куттуктады.

Алгач маданият кызматкерлери тарабынан шаардын түзүлүүсү,түптөлүүсү сахналаштырылды.

Көрүүчүлөргө белгилүү кыргыз эстрадасынын жылдыздары Темир Назаров, Иляз Абдразаков, Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Нурайым Акылбековалардын жагымдуу чыгармалары тартууланууда.

Связанный пост