Кытайлык компаниялар Баткенге күн электр станциясын курат

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын States Technology Co., Limited жана “Сан Энерджи Ко” компаниялары ортосунда Баткенге 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, келишим Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн Эл аралык форумдун алкагында түзүлдү.

Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана инвестор катары States Technology Co., Limited компаниясынын президенти Лю Фернандо Оскар жана подрядчы катары “Сан Энерджи Ко” компаниясынын башкы директору Лью Ионгжие кол койду.

Кол коюлган келишимдин негизги максаты Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагына жалпы 669,3 гектар жерге 250 МВттык күн электр станциясын куруу болуп саналат. Аталган станцияны куруу иштери 2025-жылы баштоо жана 2027 – жылы ишке киргизүү пландалган. Бул долбоор ишке ашырылса Ак-Турпак аймагынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Күн электр станциясы ишке киргенден кийин андан өндүрүлгөн электр энергияны “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК сатып алат.

Мындан тышкары, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын башкы директору И.Сыдыгалиев, “Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясынын” башкы директору Р.Касымов жана кытайлык POWER CONSTRUCTION CORPORATION OF CHINA (POWER CHINA) компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Аталган документтин негизги максаты каржылоо үчүн эл аралык инвесторлорду жана финансылык институттарды чакыруу, кызматташууну тереңдетүү, долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга багытталган. Ошондой эле акысыз негизде электр тармагын изилдөө жана перспективалык план түзүү, энергетик менеджер жана инженер адистерди окутуу, Токтогул суу сактагычындагы калкып туруучу күн электр станцияларын куруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналат.

Маалымат үчүн: POWERCHINA – гидроэнергетика, электр энергетикасы, энергиянын жаңы булактары, энергетикалык тармактар жана инфраструктура секторлорунда пландаштырууну, иликтөөнү, долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону камтыган комплекстүү кызматтарды көрсөтүүчү энергетикалык объекттерди куруу боюнча өзгөчө ири кытай жана эл аралык алдыңкы компания болуп саналат.

Связанный пост