Кытайдын жогорку окуу жайларына 10 кыргызстандык кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын 10 жараны 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун Стипендия программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алынган.
Кыргыз стипендиаттарынын тизмеси:
- Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Елизавета Енова,
- Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Нуркыз Кенжетаева,
- Тяньцзинь университети – Ренат Касымакунов,
- Пекин тил жана маданият университети – Бегимай Садиева,
- Фудань университети — Сажида Расулова,
- Фудань университети — Наира Мамыралиева,
- Пекин тил жана маданият университети – Айдана Болотбекова,
- Чыгыш Кытай илим жана технология университети – Мээрим Нурланбек кызы,
- Тяньцзинь педагогикалык университети – Мираида Даниярова,
- Пекин чет тилдер университети – Албина Абазова.
Эскерте кетсек, 4-июлда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырган.