Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок

 Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

“Эркечтам” карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Кытайдан импорттолуп келе жаткан жалпы көлөмү 25 150 кг болгон продукцияны коштоп келген фитосанитардык сертификат талаптарга жооп бербегендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча, КР “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Комиссиясынын № 318 чечиминин талаптарына ылайык, продукция Кыргызстандын аймагына киргизилген жок жана кайра артка кайтарылды.

Бул иш-аракет “Эркечтам” карантиндик фитосанитардык өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде жүргүзүлдү.

Связанный пост