Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат

 Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 2023-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин «Экспресс ден соолук – Жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытай Эл Республикасынан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.
Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 07.08.23-08.09.23 (Дүйшөмбүдөн Жумага чейин) 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бейтаптарга маалымат үчүн – жаныңарда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, маалымкаттарыңыз (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Связанный пост