Кытайдан келген офтальмолог дарыгерлер көзгө бекер операцияларды жасоодо

Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрында, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, ШКУнун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитетинин төрагасынын орун басары Цуй Ли айым, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталына келишип, 12-сентябрдан баштап кытайлык адистер тарабынан кыргызстандыктарга жасалып жаткан акысыз офтальмологиялык операциялардын өтүшү менен таанышышты.

 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Кытай өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө жана саламаттык сактоо тармагында өз ара колдоону жана түшүнүүнү чыңдоодо бакубаттуулукка жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү “Экспресс ден соолук” долбоорунун жана башка келечектеги демилгелердин ийгиликтүү ишке ашарына ишенебиз», – деп белгиледи.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов бүгүнкү күндө 150 бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, дагы жарымын 26-сентябрга чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

 

Белгилей кетсек, кытайлык адистер 12-сентябрдан 28-сентябрга чейин 600 кыргызстандыкка катаракта операциясын бекер жасашат. Бишкектеги Улуттук госпиталда 300 операция жасалса, 17-сентябрдан 29-сентябрга чейин Ош облустар аралык бириккен ооруканасында дагы 300 операция пландалууда. Мындан тышкары, кытайлык адистер жогоруда аталган ооруканалардын көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнө бекер медициналык жабдууларды тапшырышат.

Связанный пост