Кытайдагы жердин силкинүүсү Кыргызстанда сезилди
Бүгүн, 19-мартта саат 08.38де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда – Эркечтам айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Нура айылынан 34 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Эркечтам жана Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.