Кытайда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды
Бүгүн Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева “Кытай-Шанхай кызматташтык уюму” инвестициялык форумуна катышты.
ТИМден билдиришкендей, форум Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы тарабынан чет өлкөлөрдөгү ишканалардын Кытай ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.
Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин элчилери, ШКУнун байкоочу мамлекеттери, ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү, ошондой эле санариптештирүү, энергетика, айыл чарба, туризм, транспорт, медицина, каржы сектору .тармактарындагы 100дөн ашык кытай компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун негизги сегменти болуп “Элчилердин диалогу” болду, анын алкагында элчи Актилек Мусаева Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу комплекстүү маалымат берди.
Актилек Мусаева өз сөзүндө Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого карата либералдык мыйзамдык база түзүлгөндүгүн, ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары элчиликтин өкүлдөрү “В2В” форматындагы жолугушууга катышып, Кытай инвесторлоруна өлкөнүн инвестициялык долбоорлору, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу кеңири маалымат беришти.