Кытай тарап Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун курууну сунуштады

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Аксу округунун губернатору Адили Али КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугушууда Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.

Адили Али кытай тарап Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү, аталган чек ара пунктунун транспорттук жана логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелерине бурулду.

Связанный пост