Кытай Кыргызстанга 1 млн доллардан ашуун суммадагы атайын техниканы грантка берет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Үрүмчү шаарында Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Алгач “Кытай-Кыргыз Кайюань өнөр жай өнүктүрүү (Синьцзян) Лтд.” компаниясы менен жолугушуу болду. Анда Кыргызстандын Чүй облусунда курула турган интеллектуалдык инфраструктурасы бар “Азия-Европа алтын жол” комплекстүү эл аралык бажы-логистикалык паркын куруу долбоорунун жүрүшү талкууланды.
Мында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бажы-логистикалык парктын курулушу үчүн тиешелүү жер бөлүнүп берилерин, аны менен катар ал ишке берилгенден кийин экспорт жана импорт жаатында эки мамлекетке бирдей кызмат кылышы керектигин билдирди. Белгилей кетсек, бажы-логистикалык паркын куруу боюнча инвестициянын көлөмү 30 млн доллар, бул Меморандумга өткөн жылы VIII Ысык-Көл экономикалык форумунда кол коюлган.
Ошондой эле, МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Маалыматтык технологиялар боюнча “Цюаньибао” компаниясы менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул компания айыл чарба дрондорун чыгаруу жана жасалма жамгыр жаадыруу багытында иш алып барат.
Анда айыл чарба тармагында санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Жыйынтыгында компания гранттык негизде Кыргызстанга 1 млн 120 миң доллардан ашуун суммага жасалма жамгыр жаадыруу, өсүмдүктөргө залака келтирген курт-кумурскаларды зыянсыздаруу багытындагы атайын айыл чарба техникаларын берди. Аны менен катар “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен “Цюаньибао” компаниясы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КЭР СУАРга жасаган жумуш сапарынын бүгүнкү күнүн үрөөн өндүрүү, мал чарбачылыгы, багбанчылык сыяктуу айыл чарба тармагында иш алып барган Кытайдын 6 компаниясынын жетекчилерин кабыл алуу менен жыйынтыктады. Анда Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы экенин, ишкерлер үчүн мамлекет тарабынан ао дайым колдоо болоорун айтып, жолугууга келген бардык компания өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын 3-4-апрелинде Кыргызстанда боло турган айыл чарба форумуна катышууга чакырды.