Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүү макулдашылды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун жүрүшүн талкуулоо боюнча үч өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстандын транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытай тараптан атайын өкүлдөр катышты.

Иш-чарада тараптар долбоордун учурдагы абалын карап чыгышып, темир жолдун курулушу практикалык баскычка өткөнүн белгилешти.

Министр Абсаттар Сыргабаев долбоор белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин, курулуш иштерин тездетүү үчүн Кыргызстан бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Учурда туннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, уюштуруучулук жана административдик иштер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун ишке ашуусу Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн маанилүү долбоор болуп саналат. Жүктөрдү ташуу аралыктарын кыскартып, транзиттик мүмкүнчүлүктү кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Мындан сырткары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарат.

Связанный пост