Кытай компаниясы Кыргызстандын ири долбоорлоруна инвестиция салат
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. (Taifaxian Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ), түз чет өлкөлүк инвестициялардын, ошондой эле кытай компаниясы олуттуу практикалык тажрыйбага ээ болгон курулуш жана энергетика тармактарында узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында бир катар ири приоритеттүү инвестициялык долбоорлор көрсөтүлдү. Алардын катарына Чаткал каскадын куруу, Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу, «Ала-Тоо Резорт» туристтик долбоорун өнүктүрүү, «Ат-Башы» эл аралык соода-логистикалык борборун түзүү, «Топурак-Бел» шамал электр станциясын куруу, ошондой эле Түрксиб — Балыкчы темир жол тилкесин жана «Асман Сити» долбоорлору.
Сунушталган долбоорлор кытай делегациясынын олуттуу кызыгуусун жаратты. Талкуунун жүрүшүндө инфраструктуралык жана девелопердик компоненттерди ишке ашырууга компаниялардын катышуусунун мүмкүн болгон форматтары, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана түз инвестициялар каралды.
Жыйынтыгында тараптар курулуш, энергетика жана шаардык инфраструктура тармактарындагы инвестициялык долбоорлорун, кызматташтыктын конкреттүү багыттарын мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.